АХМАТОВ Токтосун Керимбаевич
Токтосун Керимбаевич (21. 12. 1929-ж. т., Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Тору-Айгыр айылы) ‒ тилчи, филология илимд. доктору (1969), проф. (1971), КР УИАсынын корр. мүчөсү (1984). КРдин илимге эмг. сиӊ. ишмери (1982). Кыргыз тилинин фонетикасы (өзгөчө эксперименталдык фонетика), лексикологиясы, стилистикасы б-ча көрүнүктүү адис. Каракол ш-ндагы пед. окуу жайын (1947), Кыргыз мамл. пед. ин-тун бүтүргөн. КМУнун кыргыз тили ка
федрасында доцент, улук ил. кызматкер-докто рант, проф., кафедра башчысы (1957‒1990), 1990-жылдан КР УИАсынын Тил илими ин-тунда сектор башчы, 1998‒2005-ж. директор. 250дөн ашуун ил. эмгектери, анын ичинде мектеп жана ЖОЖдор үчүн окуу китептери бар. «Кыргыз тилинин Талас говору» (1959), «Азыркы кыргыз тили» (1978), «Кыргыз адабий айтымынын негиздери» (2000), «Кыргыз адабий тилинин нормалары» (2003) ж. б. эмгектеринде кыргыз тилинин фонетикасы, тыбыштарды эксперимент жолу менен изилдөө, диалектология, орфоэпия, адабий тилдин нормалары, адабий айтым, стилистика б-ча маселелер иликтөөгө алынган. Медаль менен сыйланган. М. Молдалиева.