АХМАД-ШАХ ДУРРАНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:23, 10 Март (Жалган куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(1722, Мултан, Панджаб провинциясы ‒ 16/23. 10. 1772, Тоба-Маруф, Афганистан) ‒ көз каранды эмес афган мамлекети ‒ Дуррани державасынын (1747‒1818) негиздөөчүсү. 1747-жылдан ал мамлекет башына келген соӊ, Дуррани («берметтин бермети») наамын алган ж-а ал чыккан абдали уруусу дурранилер уруусу деп атала баштаган. Иран шахы Надир-шах Афшардын жортуулдарына катышып, өзүн таланттуу аскер башчы катары көрсөткөн. Надир-шах дүйнөдөн кайткандан кийин (1747), Иран армиясынын курамындагы афган отряддары м-н Афганистанга кайтып келип, бардык афган урууларын өзүнүн бийлиги астында бириктирген. Индияга, Иранга, Түш. Түркстанга жортуулдарды уюштурган. 1748‒57-ж. Пенжаб, Кашмир, Сирхинд, Синд, Хорасан, Балх, Белужистанды басып алган. 1761-ж. Патипаттын жанындагы салгылашуу да маратхылардын аскерлерин талкалагандан кийин, Дурранилер державасы ири империяга айланган. Афганистандын шаарлары өсүп, мад-ты гүлдөп, экон. жогорулаган.