АФРИКА ОЮНДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:23, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АФРИКА ОЮНДАРЫ ‒ Эл аралык Олимпиялык к-ттин колдоосу м-н өтүүчү региондук оюндар. Африка элдеринин спорттук мелдештери. «Биримдик ж-а ынтымактык» деген ураан м-н 1965-ж. уюштурулган Африкадагы Жогорку спорт кеӊеши өткөрөт. А. о-нын программасына баскетбол, волейбол, гандбол, бокс, күрөш, теннис, велоспорт, дзюдо, жеӊил атлетика, сууда сүзүү ж-а футбол кирет. А. о. 1965‒2003-ж. 8 жолу өткөрүлгөн: 1965 (Бразаввиль ш., Конго), 1973 (Лаос ш., Нигерия), 1978 (Алжир ш., Алжир), 1987 (Найроби ш., Кения), 1989 (Йокканс бург ш., ТАР), 1991 (Каир ш., Египет), 1995 (Хараре ш., Зимбабве), 2003 (Абуджа ш., Нигерия).