АФАНАСЬЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Михаил Денисович (7. 1. 1923-ж. т., Чүй обл., Чүй р-ну, Старая Покровка айылы ‒ 12. 10. 1986, ошол эле жер) ‒ Сов. Союз. Баатыры (1945). 1943-ж. Чкалов аскердик авиа

ция мектебин бүтүргөн. Кызыл Армияга 1941-ж. чакырылып, согушка 1943-жылдан катышкан. 807-штурмалоочу авиациалык полкунда (1-Балтика бою фронту, 3-аба армиясы, 206-штурмалоочу авиациялык дивизия) звено командири болуп кызмат өтөгөн. 1943‒44-ж. Мелитополь, Севастополь, Тыр

АФАНАСЬЕВ48.png

ва, Тарту ж. б. жерлерде салгылашып, 1945-ж. январь айында 140 жолу согуштук учуш жасап, душмандын техникасын, көп сандаган аскерин жок кылган. Ленин, эки Кызыл Туу ж-а 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери м-н сыйланган.