АТОНАЛДУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(а… жана тоналдуулук ) ‒ тоналдуулуктун жоктугун билдирүүчү муз. термин. Белгилүү бир тоналдык борборду (тоника ) угууга мүмкүн болбогон музыкага карата колдонулат. Термин хроматизмди интенсивдүү пайдалануу, диатониканын 7-баскычынан, мажор менен минордон, консонанс ‒ тапшыруучу үч үндүктөн (к. Консонанс жана диссонанс ) баштартуу менен, ошонун натыйжасында тоналдуулук тун тутумдаш системасынан, модуляциянын жана тоналдык пландын мүмкүнчүлүгүнөн да баш тартуу менен байланышкан муз. чыгарманы жаратуучу муз. түзүлүштүн чоӊ областын камтыйт. Эпизоддук жактан тоналдык белгисиздик романтикалык гармонияда кезигет. 19‒20-к. ченде муз. тилдин татаалданышынан улам Европада гармоникалык система пайда болгон. А-ту негизинен додекафония, пуантизм, экспрессионизм сыяктуу чыгармачыл агымдар түзөт. А. Шёнберг, А. Берг, А. Веберн жана бир катар муз. теоретиктер «А.» терминин так эместиги үчүн сындашкан.