АРКА кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:17, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРКА – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыш­так. Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу. «Кайрак-Кум» суу сактагычынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан. Райондун борбору Раззаков шаарынан 80 км түндүк тарапта. Ленинабад (Тажикстан) темир жол бекетинен 20 км. 1955-жылы отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 405 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 4310 (2022); негизинен дый­канчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, 2 китепкана, 2 медпункт, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.