АРГУМЕНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:14, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРГУМЕНТ (лат. argument urn – предмет, белги) – 1) функциянын Аргументи – анын маанисине функциянын мааниси көз каранды болгон өзгөрмө чоңдук; 2 )z = x + yi = r (coscp + isiny) комплекстүү санынын А-и – тегиздиктеги координаталары х жана у болгон чекитке туура кел­ген г радиус-векторунун абсцисса огу менен түзгөн Ф бурчу; 3) башка бир ой жүгүртүүнүн (конвен­ция, теория) чындыгын ырастоого алып келүүчү ой жүгүртүү (же ой жүгүртүүлөрдүн жыйындысы); 4) логикада Аргумент – далилдөөнүн негизи боло турган түшүнүк. Кандайдыр бир жобонун акыйкаттуулугун же жалгандыгын далилдөө үчүн келтирилген пикир.