АТМОСФЕРАДАГЫ ЖАНА ГИДРОСФЕРАДАГЫ ТУРБУЛЕНТТҮҮЛҮК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:52, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ аба жана суу агымдарын дагы айрым бөлүктөрдүн кыймылынын иретсиз диги. Атмосферадагы абанын жана океан менен деӊиздеги суунун агымдарында, алардын кээ бир бөлүктөрүнүн алмашуусу закон ченемдүү кыймылда эмес, иретсиз татаал траектория б-ча жүргөндүктөн, кыймылдагы катмарлардын интенсивдүү буркандаган аралашуусун пайда кылат (к. Турбуленттүүлүк ). Үндүн абада таралбай калышы, жылдыздардын жымыӊдашы, учуп бара жаткан самолёттун ылдый түшүп кетүүсү турбуленттүүлүк менен түшүндүрүлөт. Турбулент түүлүктү изилдөө айрыкча шаарларды куруу пландарын иштеп чыгууда (шаардын үстүндө түтүндүн же чаӊдын аз турушу, түтөтүүлөрдүн жардамы менен өсүмдүктөрдү үшүктөн сактап калуу ж. б. маселелерди чечүүдө) чоӊ роль ойнойт.