АГРЕГАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:22, 28 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(лат. aggregatus ‒ бириктирген) ‒ кандайдыр бир татаал машинанын бир нече тетиктери кошулуп, толук бир бүтүндү түзгөн бөлүгү же түйүнү. Бул түйүндөр айрым функцияларды өз алдынча аткарып, бири-бирин толук алмаштыра алат. А-тын түрлөрү: 1) машинанын А-ы‒ технол. процессте машинанын белгилүү функция аткарган, өз ара алмашууга жарамдуу бир бөлүгү (мис., электр кыймылдаткыч, насос ж. б.); 2) бир курамда иштеген бир нече машинанын мех. бирикмеси (мис., айдоо А-ы трактор, соко ж. б.); 3) минералдардын ж-а алардын өсүндүлөрүнүн жыйындысы (мис., кварцтын, слюданын А-ы).