АНИМАЦИЯЛЫК КИНО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНИМАЦИЯЛЫК КИНО, а н и м а ц и я (англ. animatio – жандануу) – кинодо бөлөк-бөлөк сүрөттөрдү фотографиялоо жана аларды биринин артынан бирин кыймыл иллюзиясын жаратуу үчүн тез калыбына келтирүү. Анимациялык кино биринчи жолу 1892-жылы демонстрацияланган; ага-ини Люмьерлер кинокамераны ойлоп тапкандан кийин, анын мүмкүнчүлүктөрү бир кыйла өскөн. 1908-жылы анимациялык кинонун эң кеңири тараган түрү – мультипликациялык фильм, мультипликация (лат. multiplicatio – көбөйүү) пайда болгон. Анимациялык кино рекламада жана куурчак, силуэт фильмдерин жаратууда пайдаланылат. Графикалык мультфильмди сүрөтчү-карикатурачы Э. Коль (Франция, 1908) негиздеген. Россияда биринчи мультфильмдерди реж. В. А. Старевич койгон (1911-13). Анимациялык кинонун дүйнөлүк өнүгүшүнө америкалык сүрөтчү жана режиссер У. Дисней чоң таасир көрсөткөн. Ал сүрөт менен тартылган персонаждардын кубаттуу индустриясын түзгөн (Микки-Маус, Дональд Дак ж. б.). СССРде мультипликациялык өнөрканалар 1920-жылдары пайда болгон. Мультфильмдерди «Союзмультфильм» киностудиясы (1936, Москва) чыгарган. 1977-жылы Кыргыз киностудиясында мультфильмдерди чыгаруучу бөлүм уюшулуп, «Сандардын чатагы», «Олокон», «Ажыдаардын үңкүрү», «Торгой», «Байпактын түшү» ж. б. алгачкы фильмдер коюлган. Анимациялык кинону чыгарууда режиссёр-сүрөтчүлөр чоң роль ойнойт. Кыргыз мультфильмдерин сүрөтчүлөр С. Ишенов, Б. Жумалиев, Б. Жусупбеков, В. Белов, М. Сарулу, А. Даирбеков ж. б. тартышкан. 20-кылымдын аягында 21-кылымдын башында кино искусствосуна компьютердик дизайн, видеоарт, документалдык элементтер кеңири кире баштады. Анимациялык кинонун эл аралык фестивалдары Ансида (Франция), Оттава (Канада), Хиросима (Япония), Сеул (Түш. Корея), Штутгарт (Германия) шаарларында 1998-жылдан Украина жана Россияда жыл сайын өткөрүлөт.