АМПЕР ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:45, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АМПЕР ЗАКОНУ – магнит индукциясынын вектору В менен мүнөздөлгөн магнит талаасына жайгаштырылган I тогу өтүүчү өткөргүчтүн А1 бөлүгүнүн узундугуна таасир этүүчү механикалык күчтү аныктоочу закон: F = kIB AI sin а , мында а магнит индукциясы менен токтун элементинин IAI арасындагы бурч. Вектордук Ампер закону d,F = [Т<й ■ в\ түрүндө жазылат. Бул закон 1820-жылы ачылган. Француз физиги Ампер F күчүнүн чондугу ток күчүнө (/) таасир эткен магнит талаасынын индукциясына (В) жана ток өтүп жаткан өткөргүчтүн магнит талаасын каптаган узундугуна (&1) пропорциялаш экендигин далилдеген. AF вектору ток өтүүчү өткөргүчкө жана магнит индукциясынын векторуна перпендикуляр болот. Ампер күчүнүн F багыты сол кол эрежеси менен аныкталат. Ар түрдүү электр кыймылдаткычтар (моторлор), электр тогунун чоңдуктарын өлчөөчү приборлордун айрым түрлөрүнүн иштөөсү Ампер күчүнө негизделген.