АТАЙЫН ПЕДАГОГИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:49, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ кем мүчөлүү балдарды окутуу жана тарбиялоо ж-дөгү илим. Балдардын физиол., психол. өнүгүшү, айлана-чөйрө жана чоӊдор менен болгон мамилеси тууралуу атамекендик жана чет элдик ар тараптуу изилдөөлөргө негизделет. А. п. балдардын категория ларына карай сурдопедагогика дүлөй, дудук; тифлопедагогика сокур, олигофренопедагогика кем акыл; логопедия кекеч, келегей балдарды тарбиялоо сыяктуу бөлүктөрдөн турат. Жалпы алганда педагогиканын аталган түрлөрүнүн бардыгы биригип дефектология илимин түзөт.