АСХАБДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

а л - а с х а б, а с- с а х а б а ‒ Мухаммед пайгамбардын жанында жүргөн же анын согуштук жүрүштөрүнө катышкан талапкерлери; кийин жалпы эле Мухаммедди көргөн адамдарды да А. деп атап калышкан. Алар алгачкы мусулман аскерлеринин негизин түзгөн. А-дын жогорку катмарын мухажирлери жана ансарлар түзүп, халифтерди шайлоого чоӊ таасир тийгизген, о. эле алардын катарынан башкаруучуларды, аскер башчыларды дайындашкан. Алардын жалыйнасы ошол мезгилде өтө жогору болгон. Мухаммед көз жумган соӊ, А. анын окуусун улантышып, өздөрүнүн өзгөчө такыба жүрүм-турум жана пикири менен суннаны ‒ исламдын негизги этика-укуктук бөлүгүн түзүшкөндүгү менен исламдын тарыхында мааниси зор.