АСТРОБИОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:55, 23 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТРОБИОЛОГИЯ - биологиянын Ааламдагы ар кандай асман телолорундагы тиричиликти изилдөөчү бөлүмү. Ааламдагы эӊ жөнөкөй орг. клеткалардын жаралышын ж-а аларда жашоонун жогорку формасына өтүп жетилишин, о. эле Жердин жасалма жандоочуларын, узакка жашаган жаныбар ж-а космонавттын организминин иштөө функцияларында, о. эле изилдөө мүнөзүнө жараша Күн системасынын ж-а андан тышкары башка галактикадагы планеталарды изилдейт. Күн системасындагы планеталарга ар кандай космос кемелерин учуруу м-н Меркурийде, Чолпондо ж-а Айда тиричиликтин болушу мүмкүн эместиги далилденди. Марс планетасы Жерге эӊ окшош, анда басым 10 Мбар, темп-расы күндүз 30°, түнкүсүн ‒70°, атм-сында Н2О, СО2 ж-а О2 кездешет. Мындай шартта Жердеги микроорганизмдер жанданышы мүмкүн. Анын бетиндеги кара тактар чаӊ бороонунун, ал эми «уюлдук ак шапкелер» кыроонун пайда болушу м-н түшүндүрүлөт. Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун ж-а Плутон планеталарында тиричилик жок, себеби атм-сы аммиак ж-а метандан, ал эми тышкы катмары гелий ‒ суутектен турат. Жердеги тиричиликтин пайда болушуна шарт түзгөн көмүртек ж-а суутектин эӊ жөнөкөй бирикмелери башка планеталарда да бар экендиги далилденүүдө. Алар жеке эле Жер шарында эмес, Ааламдагы башка планеталарда да жашоо тиричиликтин чыгышына себепкер болушу ыктымал. Ааламдын башка бөлүктөрүндөгү цивилизацияны Жердин жандоочусу ‒ Айга ж-а ири астероиддерге астр. лазер, оптика ж-а радио түзүлүштөрдү, радиотелескопторду орнотуу м-н изилдөөгө болот. Ад.: Оксфордская иллюстрированная энциклопедия. М., 2000.