АСКИЗ МАДАНИЯТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ хакастардын о. кылымдардагы (10‒17-к.) археол. маданияты; Байыркы хакас мамлекетинин мезгилинде Иртыштан Байкалга, Ангарадан Монголияга чейинки аймакка тараган. Аскиз д-нын жээгиндеги байыркы көрүстөндөрдөн улам аталган. Эстеликтерди 1955-ж. археолог. Л. Р. Кызласов изилдеген. Тюхтят мад-ты (Кыргыз кагандыгы) А. мад-на негиз болгон. А. мад-нын эстеликтерине шаарлар, таштан курулган чеп ‒ коргонуучу жайлар, байыркы кыштактар, кыштан тургузулган манихей ибадатканасы (11‒12-к.), енисей жазуулары (орхон-енисей), өрттөп көмүлгөн адамдын сөөктөрү коюлган таш дөбө-мүрзөлөр ж. б. кирет, о. эле алтын, күмүш м-н кооздолгон темир буюмдар мүнөздүү. 11-к-да А. мад-ты Чыгыш Европада, а. и. Орус мамлекетинде кол өнөрчүлөрдүн ж-а соодагерлердин факториясы катары белгилүү болгон. Хакастардын Россияга кошулушу (1598‒1718-ж.) ж-а христиандаштырылышы А. мад-тынын хакас мад-тына өзгөрүшүнө түрткү берген.