АК-БУЛАК - Ноокат районундагы кыштак
Jump to navigation
Jump to search
АК-БУЛАК– Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Кыргыз‑Ата айыл аймагына караштуу. Кыргыз‑Ата суусунун оң өйүзүндө деңиз деңгээлинен 955 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 10 км түштүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 50 км. Калкы 6 760 (2022); негизинен мал чарбасында, тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар.