АМОРФТУК ЗАТТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:16, 4 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМОРФТУК ЗАТТАР – ички түзүлүшү боюнча бөлүкчөлөрү баш аламан, иретсиз жайгашкан катуу заттар. Мисалы, айнек, фарфор, чопо ж. б. Аморфтук заттардын айрымалаган эң негизги касиети изотроптук касиет, башкача айтканда анын физикалык касиеттери: жылуулук өткөргүчтүүлүгү, бышыктыгы ж. б. бардык багыттар боюнча бирдей болушат. Аморфтук заттардын белгилүү эрүү температурасы болбойт, алар температуранын жогорулашы менен жумшарып барып, температуранын кандайдыр интервалында эрийт.