АКИМ
АКИМ (ар. – хаким – диний жана коомдук иштерди башкаруучу) – 1) бийлөөчү; атайын дайындалган же шайланган эл башкаруучу. Кыргыздар Кокон хандыгына баш ийип турган мезгилде административдик аймактардын башында аким турган. Алар берилген укуктарына жараша кушбег, бек, датка атактарын алышкан да, жалпысынан эл арасында аким аталган. Кыргызстан эли Россиянин курамына кошулгандан кийинки мезгилде да уезд башчысына ж. б. бийлөөчүлөргө карата айтыла берген, бирок мурунку маанисин жоготуп, кийинчерээк колдонулбай калган; 2) райондук мамлекеттик администрация башчысы. Анын укуктук негиздери КРдин «Жергиликтүү өзүн‑өзү башкаруу жана жергиликтүү администрациясы жөнүндө» мыйзамында бекитилген. Аким жергиликтүү кеңештин макулдугу жана премьер‑министрдин сунушу менен КРдин Президенти тарабынан төрт жылдык мөөнөткө дайындалат. Президенттин буйругу менен бошотулат. Аким эки мөөнөттөн ашык бир райондо кызмат ээлей албайт. КРдин Президентине, Премьер‑министрине жана облустук администрация башчысына баш ийет. Ал жергиликтүү администрациянын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт жана жыйынтыктары үчүн жооп берет, алардын жетекчилерин ээлеген кызматынан алууга жана дайындоого макулдугун берет. Жылына бир жолудан кем эмес, райондук кеңешке иштин абалы жөнүндө билдирүү жасайт: социалдык-экономикалык өнүгүү жана элди социалдык жактан коргоо боюнча программанын, бюджеттин аткарылышы боюнча отчёт берет жана райондук кеңешке бюджеттин долбоорун бекитүүгө сунуш кылат.
К. А. Исмаилова.