АТ-ЖАЙЛОО МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТ-ЖАЙЛОО МӨҢГҮСҮ ‒ Чоӊ Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөӊгү. Кызыл-Агын суусунун (Кызыл-Суунун сол куймасы) алабында. Узундугу 7,1 км, аянты 17,6 км2. Абляциясынын аянты 2,4 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 6080 м, этеги 4100 м бийиктикте жатат. Куралуу облусу ‒ Ленин атындагы чокунун түндүктү караган тик капталдуу этеги. «Тилинин» учу (3,6 км2дей жери) морена менен капталган. Мөӊгүдөн Кызыл-Суунун негизги курамынын бири башталат.