АРАЛ кыштагы Түп
Jump to navigation
Jump to search
АРАЛ – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Арал айыл округунун борбору. Райондун борбору Түп кыштагынан 18 км чыгыш тарапта. Облустун борбору Каракол шаарынан 43 км, Балыкчы темир жол бекетинен 212 км. 1922-жылы отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 1659 м бийиктикте. Калкы 1526 (2009); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.