АСЫРАНДЫ БАЛДАР ҮЙҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ ата-энеси жок же үйдөн качып жүргөн балдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай. Кароосуз калган балдар үчүн биринчи асыранды үйдү швейцариялык педагог Песталлоцци түзгөн. Биздин өлкөдө балдардын «Ак жол» асыранды үйү Бишкек ш-нда уюштурулган (2000). Мында мектепке чейинки ж-а мектеп курагындагы балдар убактылуу жашап, билим-тарбия алышат.

Асырап алуу

‒ башка бирөөнүн баласын багып алуу. Ал сот органдарынын чечими б-ча жүргүзүлүп, милдеттүү түрдө катталат. А. а. асыранды бала м-н аны тарбиялап өстүрүүгө алган адамдын ортосунда ата-эне м-н өз балдарынын ортосундагыдай эле укуктук мамилелер белгиленет. Эресеге жете элек балдарды алардын таламдарына жараша гана асырап алууга жол берилет. 10 жашка толгон баланы А. а. үчүн өзүнүн макулдугу талап кылынат (ата-энелик укуктан ажыратылган, мыйзамда белгиленген тартипте укук жоопкерчилигине жараксыз же дайынсыз жоголду деп табылган, о. эле баласын тарбиялоодон качкан ата-энелердин макулдугу суралбайт). Көзөмөлчүлүктө (камкорчулукта) турган баланы А. а. үчүн көзөмөлчүнүн (камкорчунун) же бала жашаган балдар мекемеси нин администрациясынын макулдугу керек. Эгер асырап алуучу никеде турса, анын жубайынын макулдугу зарыл ж-а жаӊы ысым, фамилия ж. б. өзгөртүүлөр киргизүүгө укуктуу болушат. А. а-нун жашыруундуулугу мыйзам аркылуу сакталат, аны жарыя кылгандык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Асыранды балдар, алардын укум-тукумдары ‒ А. а-чуларга, алардын туугандарына карата, ал эми А. а-чу ж-а анын туугандары асыранды балдарга, алардын укум-тукумдарына карата өз туугандарын дай эле мүлктүк, өздүк укуктарга, милдеттерге ээ. Мындайда асыранды баланын өз ата-энеси не, өз туугандарына болгон укуктары, милдеттери жоюлат. Мыйзам аркылуу белгиленген шарттарды бузуу м-н жүргүзүлгөн А. а. сот тартибинде жоюлушу мүмкүн. Баланын кызыкчылыгы үчүн кээ бир учурларда А. а-чуга баланы багуу үчүн каражат төлөп туруу милдети берилиши мүмкүн. С. Муратбек кызы.