АКВАРЕЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:44, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКВАРЕЛЬ (итал. acguerella – суудагы боёк, лат. aqua – суу) – сууга эзилүүчү, оңой жуула турган боёк, ошондой эле аны менен тартылган живопись

c. Чокморов. Аксакалдардын отурушу.

(адатта желим кошулат). Аны кадимки эле кагазда боёкторду сууда эзип алып, тегерек баштуу же­билге менен тартышат. Өтө жука боёлгон катмар­дын жумшактыгы жана тунуктугу акварель живописи­нин эң маанилүү, өзгөчө касиети болуп эсепте­лет. Ак боёк ашыкча коюу боёк катары бул жерде колдонулбайт (аны бүт живопись аркы­луу көрүнүп турган кагаздын ак түсү алмашты­рып турат). Мындай сүрөт тартуу техникасы­нын мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен, ошону менен бирге кыйынчылыктары да бар. Кээ бир жетиш­пей калган жерлерин кайрадан түп тамырынан бери оңдоп чыгуу көп учурда бул жерде мүмкүн болбойт. Кээде акварель тунук эмес, салыштырмалуу коюу ак боёктор менен тартылат, мындай учурда бул материалдын негизги касиети кескин өзгөрөт жана ал гуаштын өзгөчөлүктөрүнө жакындайт. Таза акварель 15‑кылымдын башында кеңири пайдаланы­ла баштаган. Акварель боёгу тунук жана сүрөттүн өңүнүн тазалыгы менен айырмаланат. 19‑кылымда көптөгөн өлкөлөрдүн жана атайын сүрөт окуу жайлары­нын сүрөтчүлөрү (Э. Делакруа, О. Домье, П. Гав­рни, А. Менцель, И. Е. Репин, В. И. Суриков, М. А. Врубель) көбүнчө акварель жанрына кайры­лышкан. Азыркы мезгилде Россияда Акварель менен С. Н. Андрияна, М. П. Митруч‑Хлебников, А. Д. Шмаринов ж. б. иштешет. Санкт‑Петер­бургда В. Г. Старовдун акварелисттер мектеби, 1998‑жылы акварелисттер коому уюшулуп, жыл сайын эл аралык көргөзмөлөр өткөрүлөт. Кырг­ызстандын сүрөт искусствосунда акварель жанрына М. Өмүрку­лов («Студенттердин Москвадагы Бүткүл дүй­нөлүк 6‑фестивалынын делегаты»), А. Н. Ми­халев («Тянь‑Шань боюнча» акварель циклде­ри), С. Чокморов («Аксакалдардын отурушу», «Миндаль»), Р. Нудель («Кыргызстан бакчала­ры»), А. Турумбеков («Пейзаж», «Кечки Ленин­град»), ошондой эле А. Биймурзаев, О. Апсатаров, У. Аку­нов ж. б. кайрылышкан.
Ад.: Акварель. Альбом произведений художников Киргизии. Ф., 1975.

М. Карыбекова.