АК ТАТЫР Баткен районундагы кыштак

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:52, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ТАТЫР ‒ Баткен облусунун Баткен районундагы кыштак. Аты окшош айыл аймагына караштуу. Баткен ‒ Исфана автомобиль жолунун боюнда. Райондун борбору Баткен шаарынан 40 км түштүк-батыш тарапта. Шураб темир жол бекетинен (Тажикстан) 11 км. Деӊиз деӊгээлинен 1181 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2005 (2009); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.