АК ТАТЫР Баткен районундагы кыштак

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-ТАТЫР ‒ Баткен облусунун Баткен районундагы кыштак. Аты окшош айыл аймагына караштуу. Баткен ‒ Исфана автомобиль жолунун боюнда. Райондун борбору Баткен шаарынан 40 км түштүк-батыш тарапта. Шураб темир жол бекетинен (Тажикстан) 11 км. Деӊиз деӊгээлинен 1181 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 4219 (2022); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.