АК МАМЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК МАМЫК (Atropis Rupr) – дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык чөп. Дүйнөдө 86 түрү бар. Түбү борпоң, сабагынын бийиктиги 30– 40 см. Арык бойлорунда, нымдуу өзөндө, шор, кум­дуу‑топурактуу жерде өсөт. Анын чөбү июндан августка чейин гүлдөйт. Ал сапаттуу тоют, кура­мында сиңимдүү протеин бар. Жайытта Ак мамыкты бодо мал жакшы оттойт. Баш алган убагында сапаттуу тоют камдалат.