АК-БУЛУҢ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:49, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-БУЛУҢ – Ысык‑Көл облусунун Ак‑Суу районунда­гы кыштак. Ак‑Булуң айыл аймагынын борбо­ру. Ысык‑Көл ойдуңунун чыгышында Тескей Ала‑Тоонун этегинде, Түргөн суусунун сол жээ­гинде (Жыргалаңдын сол куймасы), Каракол-Жыргалаң автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2130 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол шаарынан 14 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 258 км. 1922‑ж. отурукташкан. Калкы 1929 (2009); негизинен мал чарбасында, картөшкө өстүрүүдө эмгекте­нет. Орто мектеп, клуб, китепкана, амбулато­рия, ФАП бар. «Назгүл» нан бышыруучу кичи иш­канасы иштейт. Кыштакта комузчу жана элдик композитор Ыбырай Туманов (үй музейи ачылган), советтик чек арачы К. Торгоев (кыштакта бюсту орнотулган) туулган.