АЙЫЛЧИЕВ Асанбек
Jump to navigation
Jump to search
АЙЫЛЧИЕВ Асанбек (21. 2. 1930, Чүй облусу, Сокулук району, Октябрь айылы – 10. 9. 2003, Бишкек) – педагог, физика‑математика илимдеринин кандидаты (1972), профессор (1991). КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2002). Кыргыз мамлекеттик университетинин физика‑математика факультетин бүтүргөн (1953). Ош педагогикалык институтунун математика кафедрасынын жана В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз‑келиндер педагогикалык институнун математиканы окутуу методикасы кафедрасынын улук окутуучусу (1953‑57), кафедра башчысы (1960‑76), педагогикалык факультеттин деканы (1976‑97) болуп эмгектенген. 100дөн ашык илимий эмгектердин, окуу китептеринин автору. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.