АК-БУУРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-БУУРА – Кара‑Суу жана Ноокат райондорунун аймак­тары аркылуу аккан суу, Кара‑Дарыянын сол куймасы. Узундугу 136 км, алабынын аянты 2540 км2. Алай кырка тоосунун түндүк капталынан башта­лып, Ак‑Буура капчыгайы аркылуу агат. Жо­горку агымы Кичи Алай, ортоңкусу Турук деп аталат. Ак-Буура Ош шаары аркылуу агып өтөт. Куйма­лары: Челкилдек, Кырк‑Кечүү, Талды‑Булак, Кош‑Мойнок (оң), Жиптик‑Суу, Чугам, Талды­-Булак (сол). Апрелде кирип, сентябрда тарты­лат. Жылдык орточо чыгымы 21,4 м3/сек; бай­калган эң көп чыгымы – 331 м3/сек (03.06.53), эң азы – 6,25 м3/сек. Негизинен сугатка пайдала­нылат. Ош шаарын суу менен камсыз кылат. Боюнда Төлөйкөн, Турук, Папан ж. б. кыштактар жайгашкан.