АБЫЛАЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБЫЛАЙ, Аблай, Абулай (1711–1780, сөөгү Түркстан шаарындагы Кожо Ахмед Йасауи мавзолейине коюлган) – султан, хан (1771-жылдан), казак элинин саясий жана мамлекеттик ишмери. Айрым оозеки фольклор жана көчүрүлмө жазма маалыматтарда (Шаакерим Кудайберди уулу) Сабалак (Самсаалак), Абилмансур деген ысымдар менен да аталат. Бирок акыркы мезгилдеги казактын илимпоз окумуштуулары (мисалы, Абсадык А., Абылсейит М.) анын Абилмансур болбогонун такташууда. Орус маалыматтарында султан катары Абылай 1738-жылдан тарта кезигет. Анын биринде Орто жүзгө караштуу аргындардын ичиндеги атыгай уруусун бийлеп турганы айтылат. 1740-ж. 28-февралда Орто жүздүн ханы (1734–1771) Абулмамбет менен бирге Орск чебинде Россиянын букаралыгын кабыл алууга ант берген. 1741-ж. жазында Септен нойон жетектеген жуңгарлардын 30-35 миң колу Ишим, Тобол жана Ыргыз сууларынын айланасында казактарды төрт жолу катуу чапкан. 1742-ж. Орто жана Кичүү жүзгө караштуу уруулардын бийлери чогулуп, калмактар менен тынч турууну чечип, ал салык төлөп турууга макул болушкан. Жуңгарлардын ханы (1727–1745) Галдан Церен ал үчүн казактардын беделдүү журт башчыларын аманатка берүүнү талап кылган. Натыйжада, Абулмамбет-хан, султандар Барак менен Батыр анын талабын аткарууга аргасыз болушуп, бала-бакыра, жек-жааттарынан 200 кишини белгилүү бир мөөнөткө аманат катары беришкен. Алардын бири Абылай болуп, ал 1743-ж. жазга чейин Галдан Церендин өз үйүндө жүргөн. Аманатта жүргөн Абылай кат таанып, калмак жана кытай тилдеринде баарлашууга үйрөнгөн. Орус өкмөтүнүн букарасы катары аларды куткаруу үчүн 1742-ж. 3-сентябрда Орск чебинен секунд-майор К. Миллер башындагы орус элчилиги аттанып, бирок Галдан Церенге жолуга албай, орто жолдон кайтып кеткен. Мөөнөтү аяктаганда Галдан Церен сый менен узаткан. 18-кылымдын 50–60-жылдарында Орто жүздү негизинен Абулмамбет хан бийлеп, жалпы маселелерди чечкен, ал эми ар урууларды өзүлөрү шайлаган султандар башкарган. Абылай султан 1751–52-жылдары калмактардын ич ара жаңжалдарына кийлигишип, так талашууда 1753–1755-жылдары хан болгон Дабачыга (Даваци) көмөк көрсөткөн. 1755-жылы жай айында келген цин элчилери императордун атынан Жуңгар эми хандыгы түбөлүк жоюлганын, анын ээлиги мындан ары «Улуу империянын карамагына толук өткөнүн» билдирип, чек арадагы тартипти сактап, тынч турууну эскерткен. Бирок Абылай тымызын Цин империясына каршы көтөрүлүш уюштурган Амирсананы колдоп, айылында жашырып жүргөн. 1757-ж. император Цяньлун (1735–1796) кол башчы (дачэнь) Фуде жетектеген атайын аскерин аттандырат. Нор-Ишим деген жердеги салгылашууда Абылайдын колу жеңилип, натыйжада ал Пекинге элчилерин жиберип, Цин императорунун бийлигин кабыл алганын билдирген. Ошол эле жылы келген цин элчилери көп белек тартуулап, Амирсананы кармап берүүнү талап кылган. Абылай аны токтоосуз аткарууга куру убада берип кайтарган. 1755–1760-жылдары Амирсана, жайыт, саясий абал жана чек ара маселеси боюнча Цин императору менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Тарбагатай тараптан конуш алууга уруксат алган. 1762-ж. Абылай султан Кичүү жүздүн ханы (1748–1786) Нуралы хан, ошондой эле султандар Ералы, Айчубак жана Султанмухаммед менен Екатерина IIнин такка отургандыгынын урматына ант берип, грамота алышкан. 1763-ж. чек араны көзөмөл кылган орус бийлиги Жайык менен Иртыш сууларынын  аралыгындагы жайыттарды казактардын пайдалануусуна тыюу салган. Жалаң мал чарбасы менен күн көргөн Орто жүзгө караштуу казактардын бир бөлүгү аргасыз Балхаш көлүнүн түндүк-батышына, экинчи бөлүгү анын чыгышы жана түштүк-чыгышына жылууга аргасыз болуп, айрым султандар ант берип, Цин империясынын карамагына өтө башташкан. Натыйжада кыргыз-казак чек ара маселеси жаралып, «Кытайга караштуу кыргыздар» Орто жүз жана Улуу жүзгө караган казактарды үч жолу чаап, мал-мүлкүн талап, көбүн туткунга алган. Ушундай себептен Абылмамбет хандын буйругу менен Абылай кыргыздарга алгач Иле тараптан 1764-ж. кол салган. 1765-ж. башында Абылпейис (Абулфеис) султан (1783-ж. өлгөн) Талас өзөнүнүн боюндагы кыргыздын кытай уруусунун бийи Каработонун айылына чабуул кылган. Болжол менен ушул жылы июнь-август айларында Абылай султан Иле өзөнү тараптагы кыргыздарды чабууга аттанып келип, бирок өзү колго түшүп калган. Бул тууралуу 1765-ж. 2-ноябрда Орто жүзгө жасаган сапарынан кайтып келген тилмеч К. Казанбаев өзү баргандан «12 күн мурун Абылай султан куралданып, мурун өз улусун (казактарды) талап, жылкыларын айдап кеткени жана өзүнүн колго түшүп, ыза көргөнү үчүн көпчүлүгү кытайлыктардын карамагында турган кадимки кыргыздардан (киргис-кайсак эмес) кек алуу максатында» аттанып кеткендиктен, жолуга албай калганын билдирген. Тилмечтер К. Казанбаев, У. Азлаевдин 1766-ж. 31-августтагы билдирүүсү боюнча Абылай уулдары менен Улуу жүз ичинде болуп, кыргыз бийи Каработо ага өз уулун жана мал-жанына кошуп, 7 түтүн (башка маалыматта 9 түтүн) кишисин аманатка бергенде, Абылай колго түшкөндөрдү кайтарган. Ага карабай Каработонун кишилери казактардын айылын чаап, 500 кишини туткунга алып кеткен. 1765–1766-жылдары бир нече жолу Ташкентке чабуул жасаган. Бирок, Нарбото бий (1763–1798) башындагы өзбек-кыргыз аралашкан согушта аркасы менен капталына ок тийип, жараланып, артка чегинген. 1766-ж. Нарбото бийди Цин императоруна багындырып берем деген шылтоо менен жардам сурап, Төлө бийдин уулу Байтик баатырга 6 киши кошуп, Пекинге жиберген. Император бул чатакка кийлигишкиси келбей, андан баш тартканда, Нарбото менен тынчтык келишимин түзүүгө аргасыз болгон. 1767-ж. Ташкент шаарын каратам деп, жардам алуу үчүн тууганы Керейди кайрадан Пекинге элчиликке жиберип, өзү Ташкентке келген. Жергиликтүү тургундар жана анын тегерегиндеги эл Абылайдын бийлигин урушсуз таанып, салык төлөп турууга макул болгондо, урушпай калган. Ушул учурда Абылай Ташкентке убактылуу ээ болот. 1767-ж. күздө кайра курал-жарак жана жардамга аскер сурап, Пекинге султан Давлеткерейди аткарат. Бул жолу Цин императору эгер Абылай уулдарынын бирин аманатка жиберсе жардам берүүгө макулдук берген. 1768-ж. жазында Кудайменде баатыр менен Дөөтбай тархан башында турган казактар Талас тараптагы кыргыздарга кол салган. Натыйжада булардын экөө тең өлүп, алардын кунун кууп жана бир кызы менен беш миңге жакын малын кайтарып алмакка казактар Абылайга кайрылган. Ушул абалга байланыштуу Абылай уулу Валини аманат кылып бермекке 1768-ж. күзүндө Пекинге дагы бир жолу элчилерин жөнөтөт, бирок Цин өкмөтү Абылай кишилерин аманатка атак-даңк алууну гана көздөп жиберип жатканын эскертип, жардам бермек түгүл Валини шылдың кылып, кайра артка кайырган. Оренбургдун губернатору (1768–1781) И. А. Рейнсдорпко 1769-ж. жазган катында: «сырткы жоодон коргонуу үчүн оң миң, жакындагы душманга каршы миңге чейин жана ич ара иштерге 500 аскер берүүсүн» сураган. Бирок жооп алган эмес. 1771-ж. Абылмамбет хан көз жуумгандан кийин Түркстандагы Кожо Ахмед Йасауинин мечитинде хан көтөрүлгөн. 1772-ж. Цин императору тарабынан дагы хан деп таанылган. 1772-ж. «сырткы душмандарды орус бийлигине баш ийдирүү үчүн» И. А. дагы бир жолу Рейнсдорпко кайрылган. 1776-ж. 2-февралда өзүнүн орус бийлигине кылган кызматын жана жеке эрдиктерин көрсөтүп, өзүнө казактардын башка хандарынын үстүнөн караган «башкы хан» титулун ыйгарууну, ошондой эле жардамга курал-жарак, аскер берүүнү сурап, Екатерина IIге кат жазган. Абылай хандын минтип, кайра-кайра орус бийлигинен жардам сурап жаткан максатын өз өкмөтүнө түшүндүргөн тилмеч Я. Усманов: «башка эмес, кыргыздарга каршы, аларга туткунга кеткен түркстандыктарды куткарып, аларды (кыргыздарды) багындыруу» экенин жашыруун билдирген. Бирок Абылай орустардан жардам ала албай, кайрадан Цин императоруна элчи аткара баштап, алардан да терс жооп алган. Анын биринде (1777-ж. февраль) император Ташкентти басып алуу үчүн анын көптөн бери жардам сурап жүргөнүн эскертип: «тагыраак айтканда ал жерди каратып алууга күчүң жетпегендиктен, бизден жардам алгың келип жатат. Эс-дартыңыздын баары Ташкентти алуу, бирок ташкенттиктер дагы менин карамагымда, силер үчүн аларды чапсам кандай болот?» деген жооп кат жиберген. Орус бийлигинен алыстап, Цин императору менен ымаласы келишип калганын түшүнгөн Екатерина II Абылайды өзүнүн таасиринде кармоого абдан аракет кылып, эгер кат жүзүндө кайрылса, анда хандык даражасын тааный тургандыгын билдирген. Ушуга байланыштуу Абылай уулу Тогумду Петербургга элчиликке жөнөткөн. Екатерина II 1778-ж. 24-майда Абылайды Орто Жүздүн ханы кылып дайындаган буйругун чыгарган. Бүткүл Үч жүз эмес экенин укканда, буга нааразы болгон Абылай Россияга ант берүүдөн баш тарткан Ага карабай, өз таасиринен чыгарып жиберүүдөн чочуган орус бийлиги жыл сайын Абылайга 300 рубль жана 200 пуд ун төлөп турууну уланткан. 1779-ж. октябрь айындагы Орус өкмөтүнүн маалыматтарында өткөн мезгилде Абылайдын Түркстан менен жапайы кыргыздардын чек арасына көчүп келип, же алар менен келишип, же күчкө салып багындырып келүү үчүн баласы Чыңгыз султан жана жакын тууганы Абылпейиз султанды аттандырганы айтылат. Бирок, алардын жолу болбой келгендиктен, кийинки жолу Ташкенттен ок-дары алдыртып, өзү баштап аттанууга аргасыз болгон. Андан ары «чектен чыккан кыргыздарга каршы орус бийлигинен бир нече жолу жардам сурап, бирок, эч майнап чыкпагандыктан, кыргыздарды чаап алуу үчүн өз балдарын, бийлерди жана казактын билермандарын чогултуп кеңеш жасап, 1779-ж. көп сан кол жыйнап (алардын жалпы санын 12 миң дешет) аттанган». Натыйжада, бул жолу Абылай кыргыздарды капысынан басып, атактуу бийлеринин балдарын 15 үй-бүлөсү менен колго түшүрүп, бешөөсүн өзүнө калтырып, калгандарын туугандарына бөлүштүрүп берген. Саны алда канча көп жана жоокерчилик жөндөмү жагынан казактардан артыкчылык кылган кыргыздардын бул жеңилишинин башкы себептерин орус бийлигине талдап берип жаткан тилмеч Я. Усманов биринчиден, бул чабуулдун капысынан болуп, башында эле атактуу бийлеринин балдарынын колго түшүшү, экинчиден, Абылайдын амал кылып, кыргыздарды орус жана цин империясынын бийлигинин атынан коркутуп (мис., Абылай өз колундагы аскер качкыны Яков дегенди согуштук аммунициясы менен кыргыздарга көрсөткөн жана Иле дарыясынын боюнда жайгашкан циндик 500 аскерди мага жардамга келе жатат деп алдаган), жеңишке жеткенин көргөзгөн. Тилмеч М. Бекчуриндин маалыматы боюнча 1780-ж. апрель айында Абылай эки миңге жакын колу менен Түркстанда турган. Көп өтпөй кыргыздар «адатынча уруулугун карматып», тоодон түшүп келип, казактарды үч мертебе чаап, көп жылкы айдап кеткенин, натыйжада Абылай Түркстанды калтырып, Ташкенттен алты күндүк алыс жерге көчүп кеткен. Ал ушул жерде 1780-ж. күзгө жуук катуу оорудан кийин капысынан көз жуумп, сөөгү Кожо Ахмед Йасавинин күмбөзүнүн жанына коюлган. Абылай хандын кыргыздарга жасаган чабуулу тууралуу маалыматтар кыргыз санжыраларында да көп кезигет.

Ад.: Казахско-русские отношения в XVI-XVIII вв. Сб. док. и материалов. А.-А., 1961; Андреев А. И. Описание средней орды киргиз-кайсаков. А., 1998; Левшин А.И. Описание киргиз-казачьих, или киргиз-кайсацких орд и степей. А., 1996; Абылай хан. Өмірі мен қызметіне қатысты құжаттар мен материалдар. /Құрастырған, қазақшаға аударған, көрсеткіштерін түзген, түсініктерін жазған З.С. Тайшыбай. Петропавл, 2005; Насенов Б. Абылай хан. Новосибирск, 2005; Златкин И. Я. История Джунгарского ханства. М., 1964;  Моисеев В. А. Джунгарское ханство и казахи. А., 1991; Цинская империя и казахские ханства. Вторая половина XVIII-первая треть XIX в. А., 1989; Абылсейит М. Казак ханы Абылай тууралуу тарыхтын актай барактары. //Кыргызстан тарыхынын маселелери. № 4. 2006; Алымбектин санжырасы. Б., 2007.

Т. Асанов.