АНЫКТООЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:03, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНЫКТООЧ – сүйлөмдө заттын, окуянын, зат ордуна колдонулган сөздөрдүн сынын, сыпатын, мүнөзүн, санын, иретин же ал заттын башка затка таандык экендигин билдирүүчү айкындооч мүчө (мис., Минген атың жакшы ат болсо, алысты жакындай көр). Атоочтор граммататкикалык жактан баш мүчөлөрдүн бирине багыныңкы абалда туруп, аларга маани жактан айкындык берет, сүйлөмдүн жалпы маанисин кеңейтип толуктап турат.
С.Мусаев.