АВТОМАТТЫК БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:27, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ автоматтык (өз алдынча) тартипте объектинин физ. чоӊдуктарын көрсөтүлгөн программада өзгөртүүчү тех. түзүлмөлөр тутуму. Анда ар кандай башкаруу маселелери коюлат. Алардын эӊ жөнөкөйү ‒ автоматтык турукташтыруу. Анын мындан тышкары ээрчиме ж-а программалык башкаруу ж. б. түрлөрү бар. Турукташтыруучу башкарууда объектинин айрым физ. чоӊдукта ры (мис., басым, темп-ра, ылдамдык ж. б.) берилген көрсөткүчтө кармалып турат. Учуучу аппараттарды (самол¸т, ракета ж. б.) автоматтык башкарууда траекториялык, терминалдык (чекиттик) ж-а автоматтык кондурууну башкаруулар орун алат. Системалар коюлган маселеге, шартка карата аныкталган, оптималдуу, ылайыкташкан (адаптивдүү) түрүндө курулат. Системада колдонулуучу сигналдын түрүнө карата үзгүлтүксүз, импульстук, санариптик (цифралык) деп бөлүнөт. Азыркы учурда көп мындай системалар микропроцессор техникасынын ж-а микроЭЭМдин негизинде курулат.

Ж. И. Батырканов.