АВТОБЕКЕТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ жүргүнчүлөрдү тейлөөчү ж-а жүк ташуучу унаалар м-н камсыз кылуучу автотранс порттук мекеме. Ал жүргүнчүлөрдү ж-а жүк ташуучу А. болуп бөлүнөт. Жүргүнчүлөр А-и ‒ шаар аралык ж-а шаар айланасындагы автобус катнаштарында жүргүнчүлөрдү тейлөөгө арналган курулуш тутуму (к. Автовокзал). Жүргүнчү лөр А-и чакан шаарларда ж-а райондун борборлорунда, автобустун акыркы токтоочу жеринде курулат. Жүк ташуучу А-и ‒ жалпы пайдалануудагы автомбиль транспорт системасында шаар аралык жүк ташуу ишин жүргүзүүчү транспорт уюму. Ал ири шаарлар м-н өнөр жай бор
Бишкек автобекети.

борунан сыртка кеткен жолдордун чыга беришине, темир жол станциясына (бекетине), деӊиз ж-а дарыя портторуна жакын курулат. Жүк ташуучу А-нин негизги милдети ‒ жүктү өз убагында ташып жеткирүү; трансп.-экспедициялык иштерди аткаруу; автомобилдин жүрүү графикте ринин орундалышын текшерүү ж-а жүк жөнөтүүчү лөр м-н эсептешүү. Кырг-ндын бардык райондорунун борборлорунда ж-а шаарларында жүргүнчү лөр А-и, ири райондордо жүк ташуучу А-и бар.