АВТОЖҮКТӨГҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:25, 5 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОЖҮКТӨГҮЧ (авто... ж-а жүктөгүч ) ‒ жүктү көтөрүп-ташуучу, дөӊгөлөк м-н өзү жүрүүчү машина. Кезеги м-н алмаштырып турма жумушчу жабдыктардан (чөмүч, кыстарып- кыпчып, орой кетүүчү айры, түрмөктөр ж-а кыска түтүктөр үчүн штырь, чубурма материалдар үчүн чөмүч ж. б.) турат. Ал дааналай ж-а чубурма жүктөрдү жүктөйт, түшүрөт, о. эле жайгаштыруу, которуп ташуу үчүн колдонулат. Жүк көтөрүмдүүлүгү 10 т келген А. кеӊири колдонулат. А-түн электр кыймылдаткычтары м-н жабдылганы түрлөрү да бар.