АЛЕКСАНДР НЕВСКИЙ ЛАВРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:27, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
орус князы Александр Ярославич Невскийдин (1221‒1263) шведдерди жеӊишинин (1240) урматына Петр Iнин буйругу м-н 1710-ж. Черная д-нын (Монастырская) Невага куйган жеринде курулган. Алгач Ыйык-Троицк монастыры деп аталган, 1797-жылдан император Павел Iнин Указы м-н ага А. Н. л. статусу ыйгарылган. Лавранын арх-ралык ансамблине Благовещенск чиркөөсү (1717‒22), Федоров чиркөөсү (1742‒50), Троицк собору ж. б. кирет. Петр I бул жерди дин кызматкерлери‒архиерейлерди даярдоочу жайга айландырууну көздөгөн ж-а монастырдын иеромонахтарынан аскер-деӊиз флоту үчүн дин кызматкерлери алынган. Анын көрсөтмөсү м-н 1724-ж. Александр Ярославич Невскийдин жасаты ж-а буюмдары Владимир ш-ндагы Рождественск монастырынан А. Н. л-на алынып келинген. 1720-ж. монастырдын алдында басмакана ачылган. 1721-ж. Славян мектеби түзүлүп, 1809-жылдан Санкт-Петербург дин академиясына айландырылган. Октябрь рев-ясынан (1917) кийин А. Н. л-нын мүлкү конфискацияланып, карамагындагы чиркөөлөр жабылган. 1957-ж. Ыйык-Троицк собору кайра ачылган. 1996-ж. А. Н. л. орус православие чиркөөсүнө кайтарылган. А. Н. л-на орустун атактуу тарыхый инсандарынын (М. В. Ломоносов, А. В. Суворов, М. И. Глинка, П. И. Чайковский , Н. М. Карамзин, Ф. М. Достоевский ж. б.) ж-а сов. мад. ишмерлеринин сөөктөрү коюлган.
Ад.: Антонов В. В., Кобак А. В. Святыни Санкт-Петербурга. Историко-церковная энциклопедия: В 2т. СПб., 1994‒1996.