АЛЕКСАНДР МАКЕДОНСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:29, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
, И с к е н д е р З у л к а р н а й н (б. з. ч. 356, Пелла ‒ б. з. ч. 323, Вавилон) ‒ улуу кол башчы ж-а мамл. ишмер, Македониянын падышасы (б. з. ч. 336 ‒ 323). Македониянын падышасы Филипп IIнин уулу. 13 жашынан грек философу Аристотелден таалим-тарбия алган. Согуш өнөрүн атасынан үйрөнгөн. Чыгыш элдери аны кийинчерээк «ал-Искендер Зу-л-Карнайн» ‒ «Кош мүйүздүү Искендер» деп, ал чыгарган тыйындардагы кош мүйүздүү туулгасына карап аташкан. Адегенде ал Дунайдын жээгинде фракиялыктардын Македонияга каршы кыймылын басат. Македониядан бөлүнүп чыгабыз деген Фивы, Афины ж. б. грек мамлекеттеринин оппозициячыл кыймылына катуу сокку урат (334-ж.). Тактыга олтургандан кийин панэллин союзун ж-а бириккен грек-македон аскерлерин түзөт. А-дын негизги максаты Персия мамлекетин талкалоо ж-а жаӊы жерлерди басып алуу болгон. Б. з. ч. 334-ж. анын аскерлери Геллеспонт кысыгынан өтүп, Персияга согуш ачып, май айында перс армиясын талкалайт. 333-ж. күзүндө Иссанын жанында Персия падышасы Дарий IIIнүн аскерлерин талкалап, Кичи Азияны ээлейт. 332‒331-ж. Египетти басып алат. 331-ж. октябрда Месопотамиядагы Гавгамелдин жанында перс аскерлерин жеӊип, Вавилон, Сузы, Персеполь, Экбатану ш-н каратат. Дарий III өлгөн соӊ, Александр өзүн Персияга падыша деп жарыялап, чыгыш монархы, эбегейсиз зор Грек-македон-перс мамлекетинин башчысы болуп калат. 329-ж. О. Азияга басып кирип, Маракандды (Самаркандды) багындырып, Сыр-Дарыянын жээгин туруктаган элдерге кол салат. Грек-македон аскерлерине каршы ал жерде Спитамен башында турган жерг. элдердин көтөрүлүшү (б. з. ч. 329‒327) башталып, өзгөчө сак уруулары катуу каршылык көрсөтөт. Б. з. ч. 329-ж. Яксарт (Сыр-Дарыя) суусунун жээгинде грек-македон аскерлери м-н сактардын ортосунда айыгышкан кармашуу болот. Бул кармашта сактардын 1000ге жакын аскери, ал эми грек-македондуктардын 160тай адамы каза таап, миӊге жакыны жарадар болгон. Натыйжада сактар жеӊилүүгө учурап, артка чегинишет. Чегинген аскерлерди кууп, Александр азыркы Кырг-ндын аймактарына ‒ Кожо-Бакырган-Сайга (Баткен обл.) чейин келгендиги тууралуу тарыхый маалыматтарда айтылат. Алардын андан ары жылышына согушчан көчмөндөр жол берген эмес. Көчмөндөр ошол мезгилде гректерден кем калбастан куралданып, капыстан атчан чабуул коюу ыкмасы м-н салгылашкан. 
АЛЕКСАНДР МАКЕДОНСКИЙ51.png

Александр Сыр-Дарыянын жээгине (азыркы Кожент м-н Бекабаддын ортосунда) «Александрия Эсхата» («Четки Искендерия») ш-н курууга киришет. Ал адегенде 20 күндүн ичинде уз. 10 кмге созулган чеп, андан кийин он жети күндүн ичинде турак жайларды курдурат. Ошол эле мезгилде бактриялык Роксана аттуу кызга үйлөнөт. Спитамендин аскерлери ж-а сактардын жоокерле ри Македонский аскерлери м-н күрөшүн токтотпостон уланта беришкен. Акыры б. з. ч. 327-ж. гана О. Азия элдери каршылыгын токтотуп, биротоло багынып беришкен, бирок Македонскийдин армиясынын да күчү мурдагыдан бир топ начарлаган. Буга карабастан, А. согуштук жүрүшүн андан ары улантып, Гиндикуш тоосун ашып, Батыш Индияга жортуул жасайт да, аны басып алат. Бирок согуштан тажаган аскерлердин арасында нааразычылыктын күчөшү аны артка кайтууга аргасыз кылган. Ал империянын борбору катары жарыяланган Вавилон ш-на кайтып келип, жерг. элдердин бийлөөчүлөрүн мамл. башкаруу кызматтарына тартып, түрдүү элдерди бириктирүүгө аракет кылган. Македонский Аравияны ж-а Түн. Африканы басып алуу үчүн жаӊы жортуулга кызуу даярданып жатканда, безгек м-н ооруп, дүйнөдөн кайтат. Мамлекетти анын аскер башчылары ‒диадохтор башкарып, алар империяны өз ара бөлүп алышкан. А. доорунда ал түзгөн мамлекеттин аймагы Дунайдан Инд д-на чейин созулуп, дүйнөдөгү эӊ ири империя негизделген. Бул ири державанын саясий ж-а экон. биримдиги анчалык бекем болбосо да, грек ж-а чыгыш мад-тынын жуурулушуусу эллинизм мад-тынын калыптанышына ж-а гүлдөп-өнүгүүсүнө алып келген.

                                                                                                                            Ч. Жумагулов.