АЛАТАМАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:06, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ кыз-келиндер көкүрөгүнө тагынган баалуу кооздук буюм. Акак, шуру, бермет, тор, сайма, курак, чачы, оймо ж. б-ды бири-бирине айкалыштыра колдонуу м-н жасалган. А-тын асты жагында жамбы же тыйын кадалган кыюусу болот. Желке жакка байлап, көкүрөккө жая тагынат. 19-к-дын аягы 20-к-дын башына чейин мындай кооздукту кыргыздын кыз-келиндери кеӊири пайдаланышкан. Учурда А. асем буюм катары өтө сейрек кездешет. Ушул сыяктуу кооздук хакас элинде бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Аны пого деп да аташат.