АЛАМҮДҮН суусу
Jump to navigation
Jump to search
‒ Аламүдүн р-нундагы суу, Чүй д-нын сол куймасы. Уз. 78 км, алабынын аянты 317 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталын дагы Аламүдүн мөӊгүсүнөн башталып, жогорку бөлүгү кууш капчыгай аркылуу шар агат. Чүй өрөөнүнө чыкканда нугу кеӊейип, тайыздайт.
Бишкек ш. аралай түндүккө карай агат. Ага 33 майда өзөн куят. Ири куймасы ‒ Чуӊкурчак (19км).
Алабында жалпы аянты 0,8 км2ге жеткен 22 майда көл, 74,2 км2 келген 53 мөӊгү бар. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 6,36 м3/сек ; байкалган эӊ көп чыгымы 300 м3/сек, эӊ азы ‒ 0,74 м3/сек. Аламүдүн капчыгайынан Чүй өрөөнүнө чыга бериште (Көк-Жар кыш. тушта) суу бөлүштүргүч курулма курулган. Боюнан Көк-Жар, Таш-Мойнок, Беш-Күнгөй, Аламүдүн кыш. орун алган. Сугатка кеӊири пайдаланылат.