АЙГЫР ЖАЛ кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:49, 18 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) (Begay moved page АЙГЫР ЖАЛ to АЙГЫР ЖАЛ кыштагы) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙГЫР-ЖАЛ– Ош обл‑нун Өзгөн р‑ндагы кыш­так. Баш‑Дөбө айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Өзгөн ш‑нан 8 км батыш тарапта, Кара‑Суу темир жол бекетинен 64 км. Деңиз деңг. 940 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3091 (2014); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория бар. 1965–68‑ж. Кем­пир‑Абад суу сактагычынын курулушуна байланыштуу мурдагы Жаңы‑Жол кыш‑нан башка жерге көчүрүлүп, азыркыча аталып калган.