АЖЕК
Jump to navigation
Jump to search
АЖЕК К о м с о м о л – Жалал‑Абад облусунун Ала‑Бука районундагы кыштак. Биринчи Май айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Ала-Бука кыштагынан 46 км түштүк-батыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 55 км аралыкта. Деңиз деңгээлинен 920 м бийиктикте. 1954‑жылы отурукташкан. Калкы 2146 (2009); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, медпункт, китепкана бар. Тегирмен, май жуваз иштейт.