АДАПТАЦИЯ ЗОНАСЫ
Jump to navigation
Jump to search
АДАПТАЦИЯ ЗОНАСЫ -- 1) өзгөчөлөнгөн экологиялык шарттарга мүнөздүү тиричилик мейкиндигинин белгилүү бир тиби (мисалы, деңиз, тузсуз суулар, кургактык, топурак). Бул тиричилик топторунун жашоо чөйрөсү болуу менен бирге, аларда адаптацияны пайда кылат; 2) белгилүү бир организмдер топторун мүнөздөөчү адаптациялык жөндөмдүүлүктөрүнүн жыйындысы (мисалы, канаттуулар классы, жыландар түркүмү ж. б.). Адаптация зонасынын алмашышы менен макроэволюциялык кайрадан түзүлүүлөр жүрөт.
(макала алмашат)