АФИНЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:30, 13 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АФИНЫ (жаӊы гр. Aqhnаi) ‒ Грекия Респ-нын борбор шаары. Түш. Европадагы эӊ ири шаарлардын бири. Аттика номунун (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Адм. жактан муниципалдык округдарга (демосторго) бөлүнгөн. Калкы 753 миӊ (2010; Пирей ш. жана шаар айланасы менен Чоӊ А-ны түзүп, калкы 3,9 млнго жетет). Шаар Аттика ж. а-нда, Эгей деӊизинин Сароникос булуӊунун жээгиндеги дөбөчөлөрдө (Ликавит, Акрополь, Ареопаг, Пникс, Филопаппа ж. б.), Педион өрөөнүндө жайгашкан. Маанилүү жолдор тоому (башкы магистралдык жолдору Салоникага, андан ары Македония, Болгария жана Түркиянын чек араларына жетет). Темир жол тармактары шаарды Пелопоннес ж. а. жана өлкөнүн батыш бөлүгү менен байланыштырат. Эл аралык аэропорттору, метрополитен (А-ны Пирей менен байланыштырат) бар. А-нын аванпорту ‒ Пирей Грекиянын ири порту.
А-нын так негизделген жылы белгисиз. Анын аталышын байыркы гректер шаардын колдоочусу деп саналган Афина Паллада кудайы менен байланыштырган. Уламыш б-ча азыркы А. шаары жайгашкан жерге адамдар б. з. ч. 16‒13-к-да отурукташа баштаган. А. байыркы Аттикадагы ири экон., саясий жана маданий борбор, өз алдынча шаар-мамлекет болгон (к. Афины Байыркы ). Ал б. з. ч. 146-жылдан б. з. 395-ж. чейин Рим империясына, 395‒1204-ж. Византияга караган. 1204‒1458-ж. Афины герцогдугунун борбору. 1458-ж. түрктөр тарабынан басылып алынган. 1834-жылдан Грекиянын борбору жана королдук резиденция. Эл аралык туризмдин (2000-ж. 10 млн) борбору. Көптөгөн конгресс, симпозиумдар (өзгөчө тарых жана иск-во жаатында) өткөрүлөт. Арх-расы шаарга кайталангыс көрк берип турат. А-нын тарыхый чордону болгон Афины Акрополу

көтөрүлүп турат (Бүткүл Дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген). Этегинде Агора аянты жайгашкан. Түштүгүнөн Дионис театры (6-к. ‒ б. з. ч. 326-ж.) жана Аттикадагы Герод одеону (б. з. 161-жылынан кийин) Акрополго жалгашат. Илгери алар үстү жабык узун галерея (б. з. ч. 2-к.) менен байланышып турган. Рим Сенатору Филопапптын күмбөзү (114‒116), Керамик аймагынын некрополу («Керамик» музейи, б. з. ч. 5‒4-к.), Гефестейон храмы (же Тезейон б. з. ч. 449‒444), Агриппа жана Гимнасия одеондорунун калдыктары (б. з. ч. 1-к-дын аягы ‒ б. з. 2-к.; бардыгы Агорада), Лисикраттын эстелиги (б.з.ч. 335‒334), Зевс храмы, Византия доорундагы чиркөөлөр (Ыйык Апостол, 1000‒25; Ыйык Феодор, 1065-жыл чен; Ыйык Екатерина, 11‒12-к., Кичи Митрополия, 12-к. ж. б.), Жаӊы шаардын чегинде 11-к-дын кечилканалары, Элевсиндин калдыктары сакталган. Классицизм стилиндеги курулуштар, эски король сарайы (учурда парламент жайгашкан), театр, ИА (1926), ун-ттер (тех., улуттук), жогорку мектептер, «Атенеум» консерваториясы, китепканалар, музейлер, улуттук живопись галереясы (1900-жылдан) бар. Эл аралык (вокалист, пианисттер, дирижёр, композиторлор) конкурстар өткөрүлүп турат. 1896-ж. , 2004-ж. XXVIII Олимпия оюндары өткөрүлгөн.
А. ‒ Грекиянын башкы экон. борбору. Металлургия, машина куруу (а. и. кеме, автомобиль), нефть ажыратуу, хим., целлюлоза-кагаз, текстиль, булгаары-бут кийим, тигүү, тамак-аш, тамеки, цемент өнөр жайлары, азот к-тасы өндүрүшү (Пирейде) бар. Суунун жетишсиздигинен шаар жакшы жашылдандырылган эмес. Боз түшүп (смог) турат.
Ад.: Колобова К. М. Древний город Афины и его памятники. Л., 1961; Сидорова Н. А. Афины. 2-е изд. М., 1884; Беспалов О. Г., Звонов Н. В. Афины. М., 1998.

Р. Карачалова, А. Орозов.