АХМАТОВ Токтосун Керимбаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:54, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АХМАТОВ Токтосун Керимбаевич (21. 12. 1929-ж. т., Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Тору-Айгыр айылы) ‒ тилчи, филология илимдеринин доктору (1969), проф. (1971), КР УИАсынын корр. мүчөсү (1984). КРдин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1982). Кыргыз тилинин фонетикасы (өзгөчө эксперименталдык фонетика), лексикологиясы, стилистикасы б-ча көрүнүктүү адис. Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайын (1947), Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. КМУнун кыргыз тили кафедрасында доцент, улук илимий кызматкер-докторант, проф., кафедра башчысы (1957‒1990), 1990-жылдан КР УИАсынын Тил илими институтунда сектор башчы, 1998‒2005-ж. директор болуп эмгектенген. 250дөн ашуун илимий эмгектери, анын ичинде мектеп жана ЖОЖдор үчүн окуу китептери бар. «Кыргыз тилинин Талас говору»

АХМАТОВ69.png

(1959), «Азыркы кыргыз тили» (1978), «Кыргыз адабий айтымынын негиздери» (2000), «Кыргыз адабий тилинин нормалары» (2003) ж. б. эмгектеринде кыргыз тилинин фонетикасы, тыбыштарды эксперимент жолу менен изилдөө, диалектология, орфоэпия, адабий тилдин нормалары, адабий айтым, стилистика б-ча маселелер иликтөөгө алынган. Бир нече медалдар менен сыйланган. М. Молдалиева.