АТМОСФЕРАЛЫК АЭРОЗОЛЬ
АТМОСФЕРАЛЫК АЭРОЗОЛЬ--атм-дагы көзгө оӊой менен илээшпеген майда нерселердин (дисперсияланган бүркүндүлөрдүн) абада же газда чаӊгыттап турушу. Алардын өлчөмү 10‒1 ‒ 105 нмден (катуу) ‒102 ‒ 106 (суюк) нмге чейин. А. а-го ‒ жанар тоо чаӊы жана күлү, токой өртүнөн пайда болгон түтүн, топурак жана космос чаӊдары, туссуз жана деӊиз сууларынын тамчылары кирет. Табигый жол менен атм-га өсүмдүктөрдүн споралары жана чаӊчалары, микроорганизмдер, орг. ажыроо продуктулары кошулат. Алар А. а-дордун өзөгүн түзөт. Антропогендик таасирден пайда болгон А. а-дорго отун жаккандан жана өнөр жайдан чыккан калдык заттар, о. эле айдоо жерлерден шамал аркылуу көтөрүлгөн топурактын майда бөлүкчөлөрү кирет. Конденсациялык А. а-дордун өзөгүн суунун конденсациясынан пайда болгон булуттар менен тумандар түзөт. Булут түрүндөгү А. а-дор суунун айланышында мааниси зор; алар суунун табиятта айланышын жана темп-ралык режимин жөнгө салып турат. Радиоактивдүү А. а-дор (ядролук курал жардыруудан, радиоактивдүү материал дарды кайра иштеткенден пайда болгон), чаӊ куюндары, жанар тоо чаӊы менен күлү, смог жаратылышка коркунуч туудурат. О. эле к. Атмосфера, Аэрозолдор, Аэрозолдук булгоо.