АЛТЫН КАЗЫК
Jump to navigation
Jump to search
АЛТЫН КАЗЫК – Кичи жетиген топ жылдызынын эң жарык жылдызы (а-Кичи жетиген). Батпай турган топ жылдыздардын катарына кирет. Жердеги байкоочуга ал дайыма бир чекитте турат. Кээде ал Уюл жылдызы деп да аталат. Анткени дүйнөнүн түндүк уюлунан тик чыгыш боюнча 1", 8“ мин жана жантаюу боюнча 89°01'айырмаланып тургандыктан, жердеги байкоочу ал аркылуу уюлду жана анын бардык тарабын аныктай алат. Анын өңү саргыч келип, бетинин темпрасы 7000°Кre барабар. Көрүнгөн жылдыз чоңдугу 2,1“ден 2,3“ге чейин өзгөрөт. Алтын казык аркылуу уюлду жана анын бардык тарабын аныктаса болот. Асман сферасындагы жылдыздар Алтын казыкка салыштырылып аныкталат.