БАТЫШ БЛОГУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:07, 16 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАТЫШ БЛОГУ, Б а т ы ш с о ю з у – Англия, Франция, Бельгия, Голландия жана Люксембургдун аскердик-саясий уюму. 1948-жылдын 17-мартында Брюссель келишимине ылайык 50 жылга түзүлгөн (1948-жылы 25-августта күчүнө кирген). СССРге жана элдик демократия өлкөлөрүнө каршы багытталган. Келишимде Германия тараптан жаңы агрессия болгон учурда Б. б-нун катышуучулары биргелешкен чараларды көрүүгө даяр экендиги камтылган. 1949-ж. түзүлгөн Түндүк Атлантикалык Келишим Уюму (НАТО) Б. б-нун негизи болгон. Б. б-нун катышуучулары НАТОго мүчө болгон. 1950-жылдан НАТОну АКШ жетектейт. Б. б. 1955-ж. майдан уюмга ФРГ менен Италиянын кошулуусу менен Батыш Европа союзу түзүлгөн.