БАЖЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:50, 16 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАЖЫ—өлкөнүн чек арасы аркылуу жүктү жана почта жөнөтмөлөрүн алып өтүүнү контролдоочу жана бажы салыктарын жана бажы жыйымдарын алуучу мамл. мекеме. Б. өзүнчө чек ара пункттарында (порттордо), өлкөнүн ири борборлорунда жайгашат. Б. өлкөнүн бажы мыйзамдарынын жана белгиленген бажы эрежелери нин аткарылышын ишке ашырат; импорттолуучу жана экспорттолуучу товарлардын эсебин алат; жүктөрдү убактылуу сактоого кабыл алат; тыштан келтирүүгө жана тышка чыгарылууга тыюу салынган жана чектелген буюмдарды алып коёт; контрабанда менен күрөш жүргүзөт; жүктөрдү карайт; үстөктөрдү (товарларды сактагандык, санитардык ж. б. үчүн, о. эле белгиленген эрежелерди бузгандык үчүн штраф алынат, кээде жүк конфискацияланат), жыйым алат; бажы декларацияларын, эсептешүүлөрдү, товардын түрү тууралуу күбөлүктү, импорттук же экспорттук лицензияларды, санитардык жана ветеринардык күбөлүктөрдү көрсөтүү ж. б. бажы эрежелеринин сакталышын контролдойт. Б. жайгашкан жерге транспорттун токтотпоо; жээкке уруксатсыз токтотуу; керектүү докумен ттерди көрсөтпөө, жүктү жашыруу ж. б. эреже бузууга жатат.