БАЕТОВ кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:03, 14 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАЕТОВ (1930‒1981-ж. Д ө р б ө л ж ү н) ‒ Нарын обл-ндагы кыштак. Ак-Талаа р-нун жана Баетов айыл аймагынын борбору. Терек-Суу суусунун сол өйүзүндө, деӊиз деӊг. 2020 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Нарын ш-нан 120 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 310 км. 1928-ж. орун алган. Калкы 7479 (2009). Кыштакта темир-бетон буюмдар, сүт, нан з-ддору иштейт. Эки орто мектеп, кесиптик-тех. окуу жайы, китепкана, АТС, дарыкана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, борборлоштурулган оорукана, 2 мончо, клуб, кинотеатр, мад-т үйү, көптөгөн соода уюмдары бар. Кыштакта КРдин эл артисти К Эралиева туулган. Кыштак КРдин эл артисти. Муса Баетовдун ысмынан аталган.