АЯЗ КАЛА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:38, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЯЗ КАЛА‒ кушан мад-тына таандык археол. эстеликтер тобу. Арал деӊизинен 200 км жерде, Аму-Дарыянын оӊ жагындагы Аяз кала деп аталган асканын этегинде жайгашкан. Алгач 1939‒40-ж. С. П. Толстов жетекчилик кылган Хорезм археол. эскпедициясы изилдеген. А. сепилиндеги мунаралардын үчөө азыр да сакталып турат. Алардын алгачкысы А.-3 сепили. Ал байыркы Хорезм ш-нан кем эмес, мунаралары менен аламан жолдору көп, мыкты чептер менен курчалган. Сепилдин ички жагында чоӊ сарайлардын орду сакталган. А.-2 сепили кушан доорунда (б. з. ч. 3‒2-к.) салынып, 5‒7-к-да кайра жаӊыртылган. А.-1 сепили асканын башына салынган. Мында чек арасы күзөтүп турган, кушан мамлекетинин чакан аскери жайгашкан коргондун калдыгы байкалат. Казуу учурунда кушан карапалары, эмгек куралдары, тыйындар, темир канжар, бычак, найзанын, жебенин учтары, колодон, алтындан жасалган буюмдар табылган.