АЭРОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:45, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОЛО́ГИЯ (аэро... жана гр. logos ‒ илим) ‒ атм. физикасынын атмененын жогорку катмарындагы физ. процесстер менен кубулуштарды изилдөөчү бөлүгү. Ал атмененын курамы менен түзүлүшүн, жаан-чачын менен булуттун пайда болушун жана алардын өнүгүүсүн жөнгө салуу жолдорун, аба массаларынын бири бирине тийгизген таасири д. у. с-ды изилдейт. Атменены изилдөөнүн түрлүү ыкмаларын иштеп чыгуу жана алар үчүн приборлорду (к. Аэрологиялык приборлор ) ойлоп табуу иштерин да жүргүзөт. А-лык изилдөөлөр электрондук аппаратуралардын, авиациянын ракеталык жана метеорол. спутник техникасынын, о. эле обсерваториялар жана станциялардын жардамы менен жүргүзүлөт.