АТАЙЫН ПЕДАГОГИКА
Jump to navigation
Jump to search
АТАЙЫН ПЕДАГОГИКА ‒ кем мүчөлүү балдарды окутуу жана тарбиялоо жөнүндөгү илим. Балдардын физиологиялык, психологиялык өнүгүшү, айлана-чөйрө жана чоӊдор менен болгон мамилеси тууралуу атамекендик жана чет элдик ар тараптуу изилдөөлөргө негизделет. Атайын педагогика балдардын категорияларына карай сурдопедагогика дүлөй, дудук; тифлопедагогика сокур, олигофренопедагогика кем акыл; логопедия кекеч, келегей балдарды тарбиялоо сыяктуу бөлүктөрдөн турат. Жалпы алганда педагогиканын аталган түрлөрүнүн бардыгы биригип дефектология илимин түзөт.